Интернетте Юрий Гагариндин эстелиги кызуу талкуу жаратууда

Ушул жылдын 8-апрелинде Сербиянын борбору Белград шаарында советтик космонавт Юрий Гагариндин бюсту тургузулган. Бирок эстеликтин сүрөтү интернет желесине тараган соң, коомчулуктун ар түрдүү сын-пикирине кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, анчейин чоң эмес бюст өтө бийиктикте жайгашкандыктан, орто бойлуу адамга анын чекеси менен шлеми гана көрүнөт.

Мындан улам, кээ бир колдонуучулар "эстеликти толугу менен космостон гана көрүүгө болот" деп жазышса, айрымдары "бюстту чоочун адамдар уурдап кетпеши үчүн атайын бийик коюшкан", - деген божомолдорун айтышкан.

Ошондой эле интернет айдыңында эстеликти шылдыңга алган күлкүлүү сүрөттөр тарап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
OPPOSITION
2018-04-10 20:22:56
Хаа
+1
Beks.Kasymov
2018-04-10 20:38:52
ХХХХ эми ушу кантип естелик болсун,Юрий озу деле кулуп иймек мунунарды корсо
+25
Pandora
2018-04-10 20:42:03
Андан коро тургузбай эле койбойбу?
+3
Zainidin96
2018-04-10 22:40:56
Орус оюндагысын кылат болуптурда
+2
barsa30
2018-04-11 03:18:55
Жок дегенде белине чейин жасашса болмок экен
0
mentol
2018-04-11 03:32:03
"Куку где я?" дейтго)))) Жакшыраак кылып жасашса болмок, аракет кылып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан