ЭЛДИК КАБАР: Сагыныч картасы. Орусиядагы шаардын аялдамасына Кыргыз жеринин картасын тартып кетишти

Орусиянын Москва облусундагы Люберцы шаарынын Люберцы-2018 жаңы конушундагы аялдамага Кыргыз мамлекетинин картасын тартып коюшкан. Аны сүрөткө тартып алган окурман "Элдик кабар" рубрикасына төмөндөгүдөй билдирүү жазды.

"Ким тартса да Кыргыз жерин аябай эле сагынган го. Сүрөттү көрүп аябай таасирлендим. Аны биздин мекендешибиз тартканына ишенем. Мамлекетибиз оңолуп, эртерээк эле кетсек экен. Турмуш-тиричилик деп чуркап жүрүп, кокусунан көрүп калып аябай эле буулугуп сагынганымды сездим", - деген ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ararat...
2018-04-11 07:59:18
Аябай сагынса керек,ашыкча "ы" тамгасын кошуп жазыптыр)))Бар болгула мекендештерим.
+7
o.aza
2018-04-11 21:08:34
ararat...,алго ашыкча жазыптыр.кабарчы болсо бөлүп эле салыптырго.сагынган го деп .же ушундай жазылабы
0
gulmira12345
2018-04-11 08:48:59
Ким сагынбасын негизи бешбаштык болуп саналат сурот тартып жазып кеткени бироонун элинде бироонун жеринде жургондо
+3
Kg.arts.
2018-04-11 09:26:31
gulmira12345,Кирдеп, чан болуп калган айнекке колу менен жазган. Бул бейбаштыкка кирбейт.
+9
gulmira12345
2018-04-11 12:29:04
Kg.arts.,действительно айнек экенин байкабапмын
+3
jbolotov
2018-04-11 09:01:08
Картада Жалал абад, Чаткал Аксы жокго?
-4
romaantik
2018-04-11 09:10:11
Точно Аксылык экен. Болгон жокмун дагы минус басып кепегиле
+3
al-abu-kinesz
2018-04-11 10:10:21
Аксы, Ала-Бука, Чаткалды жутуп койгон го :) Колдук окшойт автор. Ысык-Колдун картасы окшошуптур...
+4
Nevestkaa
2018-04-11 10:43:58
Мен сагындым мекенимди ,ата энемди ,балдарымы,бир туугандарымы,айылымы,тоону ташты дегеле баарын сагындым.Кудайым буйруп барган күн алыс эместир бирок жашоо биз ойлогондой болбой 4тыйыныбыз түгөнүп дагы келебиз.Мекенге болгон кусалык чоңдорго болгон жек көрүү күндөн күнгө күчөп баратат .
+8
admin_portal
2018-04-11 11:23:05
jbolotov,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
Ermekbai
2018-04-11 12:06:27
Өзгөчө кабар экен.
+4
simone
2018-04-11 12:48:09
Мен да сагындым, айрыкча балдарымды, ата энеми, бир туугандарымы
+5
ziash85
2018-04-11 14:08:08
Таластык экен чооң кылып жазыптыр Таласты
+2
TazaKyrgyz
2018-04-11 15:56:29
Ээ туугандар каяктык болсо да аман эсен оз жеринерге кайтып келгиле.Туулган жердин топурагы алтын экенин алыста журуп сезесин.
+1
Zainidin96
2018-04-11 22:30:59
Чын эле Чаткал жок го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан