Сот системин реформалоо боюнча Улуттук кеңеш түзүү чечими кабыл алынды. Мындай чечим бүгүн, 10-апрелде Бишкекте өткөн өлкөдөгү сот системине арналган тегерек столдо бекитилди.
Улуттук кеңештин мүчөлүгүндө канча адам боло тургандыгы талкууланып, сунуштар айтылган соң кеңештин мүчөлүгүндө 21 адам боло тургандыгы чечилди. Улуттук кеңештин мүчөлүгүнө Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Чолпон Жакупова, Равшан Жээнбеков жана Феликс Кулов өңдүү белгилүү саясий ишмерлер, юристтер кире турган болду.
Улуттук кеңеш сот тармагындагы тазалануу, сот бийлигин өз алдынча чечим чыгара ала турган күчкө айлантуу боюнча сунуштарды иштеп чыкмакчы.