Кыргыз спортчусу Азат Үсөналиев Орусияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдештин мыкты мушкери аталды

Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев Орусияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдештин мыкты мушкери аталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеште Орусия, Армения, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышкан. Анда 52 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Үсөналиев, 56 килограммга чейинки салмак ченинде Алманбет Алибеков жана 91 килограммдан жогору салмак ченинде Зиеддин Муминов алтын байгелерге ээ болушту. Ал эми 60 килограммга чейинки салмак ченинде Шайлоо Равшанбек уулу, 69 килограммга чейинки салмак ченинде Акылбек Айбек уулу, 81 килограммга чейинки салмак ченинде Эркин Адылбек уулу жана 91 килограммга чейинки салмак ченинде Сергей Паренко коло медалдарды тагынышкан. Жыйынтыгында, мелдештин мыкты мушкери деп Кыргыз спортчусу Азат Үсөналиев табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba.8327
2018-04-10 15:21:28
Азаматсынар алга кыргызым...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан