Эң көп кароо топтоп, рекорд жараткан "Despacito" клиби YouTube каналынан өчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, өзүн "Prosox and Kuroiʼsh" деп атаган хакердик топ YouTube`дагы Vevo музыкалык каналына кирип эң көп кароо топтогон "Despacito" клибин өчүрүп, анын ордуна өздөрүнүн видео ролигин жүктөп коюшкан.
Видеодо бет капчан жана курал кармаган адамдар тартылган. Анын алдына "Палестинаны бошоткула" деген жазуу калтырылган.
Бул хакердик чабуулдан кийин 5 миллиарддан ашуун кароо топтогон "Despacito" клиби өчүрүлгөн. Мындан сырткары Шакира, Тейлор Свифт, Селена Гомес жана Дрейктин белгилүү чыгармаларынын аттары өзгөртүлгөн.
Пуэрто-рикалык ырчылар Луис Фонси менен Дэдди Янкинин "Despacito" ырынын клиби 2017-жылдын 13-январында элге тартууланган. Бир жыл ичинде аталган чыгарманын YouTube каналындагы кароосу 5 миллиарддан ашып, жаңы рекорд койгон.