Депутат Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын ИИМге өткөрүп берүү керектигин айтты

Бүгүн, 10-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"УКМК терроризм, экстремизм, сепаратизм, чыккынчылык жана башка сырткы жана ички коопсуздуктар үчүн күрөшсүн. Менин оюмча, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иш милдеттерин ИИМге бериш керек. Азыр министрликтин мындай ыйгарым укуктары жок токолдун баласындай болуп калды", - деди Рысалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан