Швейцариянын 10 франкы "Жылдын мыкты банкноту" аталды

Көпчүлүк үчүн банкнот - бул жөн гана керектүү нерселерге жумшай турган баалуу кагаз же акча. Бирок жыл сайын адистер тарабынан ошол акчалардын сырткы көрүнүшү жана жасалмасын жасоо канчалык кыйын экендиги баалана тургандыгын көптөр биле бербесе керек.

Швейцариянын 10 франкы

Быйыл банкноттордун эл аралык коому уюштурган сынакта "Жылдын мыкты банкноту" наамына Швейцариянын 10 франкы ээ болгон. Анда дирижёрдун таягын кармаган кол менен Жер шары жана аталган өлкөнүн көчөлөрү чагылдырылган. Муну менен Швейцария экинчи жыл катары менен 1-орунду багындырды. Тактап айтканда, өткөн жылы 50 франктык купюра мыкты деп табылган.

Швейцариянын 50 франкы

Жалпысынан сынакка 2017-жылы жарык көргөн 170 банкнот катышкан. Алардын арасында Кыргыздын 2000 сомдук купюрасы да бар.

Кыргыздын 2000 сомуНорвегиянын 100 крону

Австралиянын 10 доллары

Канаданын 10 доллары

Фижинин 7 доллары

Англиянын 10 фунту

Индиянын 200 рупийи

Жибутинин 40 франкы

Соломон аралдарынын 20 доллары

Гибралтар аймагынын 100 доллары

Мексиканын 100 песосу

Грузиянын 5 лариси

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2018-04-10 21:35:35
Биздин 2000 сом канчанчы орунда болду?
+2
Adiletia
2018-04-10 21:41:06
Tyty1990
2000 боюнча экинчи, биринчиде россиянын 2000 рубль банкноту турат.
0
Suzak12
2018-04-10 21:46:56
Россиянын банкноту жокко башкалардын арасында да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан