Эртең, 11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары соттолгон саясатчылардын жакындары менен жолугушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, 12 депутат соттолгон саясатчылардын жакындары, жактоочулары жана доого жыгылган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугат.
"Алардын пикирин угуп, арыз-кайрылууларын алып, жаңы келе турган башкы прокурорго жиберебиз", - деди Иманалиев.
Жолугушууга Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Алтынбек Жунус Уулу, Эмил Токтошев, Наталья Никитенко жана башка депутаттар катышат.