Эрали Козубаев "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысынын милдетин аткарат

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Калиев "Улуттук энергохолдингдин" уставына ылайык чыгарылган чечимдин жана кызматтан кетүү жөнүндө өзүнүн жазган арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми аталган компаниянын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Эрали Козубаев дайындалды. Козубаев буга чейин "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы Сапар Исков 10-апрелде Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу бир нече чиновникке карата тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Калиев аталган кызматка 2016-жылдын январь айында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан