"2017-жылы 800 миллиард сом Кыргыз мамлекетинен чыгарылган. Анын канчасы кылмыштуу жол менен чыкканы иликтенүүдө" дейт Айбек Кадыралиев

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өткөн жылы өлкөдөн чыгарылган каражаттардын көлөмүнө кызыкты.

Депутат ал каражаттардын ичинен кылмыштуу жол менен чыгарылган акчанын көлөмүн сурады.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев бул багытта учурда иликтөө иштери уланып жатканын билдирди.

"Азыр банктар менен чогуу жумуштар аткарылып жатат. Ушул учурда алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2017-жылга карата өлкөдөн чыккан каражаттын көлөмү 800 миллиард сом болуп жатат. Анын ичинен уюшкан кылмыштуу топтор аркылуу мыйзамдаштырылып кеткен каражат канча экени азыр такталып жатат. Чыгарылган каражаттар да такталууда. Бир ай ичинде маалыматтар берилет", - деди Кыдыралиев.

Депутат Жээнчороев бул каражаттар Кыргыз өлкөсүнүн экономикасында калбастан чыгарылып жатканын айтып, бул багыттагы жумуштарды тездетүү керектигин белгиледи.

"800 миллиард сом - Кыргыз мамлекетинен чыгып жаткан каражат. Анын канчасы көмүскөдө кетип жатат, канчасы кылмыштуу жолдор менен кетип жатат? Бул тууралуу такташыңар керек болчу. Тилекке каршы, азыркыга чейин жооп жок. Силерге 1-майга чейин убакыт берилген, тактагыла!" - деди Жээнчороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан