Чемпиондор Лигасы: Италиялык "Рома" "Барселонаны" 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга аттанды

11-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алды. Анда Рим шаарында италиялык "Рома" өз талаасында испаниялык "Барселонаны" кабыл алды.

"Олимпико" стадионунда орун алган беттеш 3:0 эсебинде "Романын" жеңиши менен аяктады.
"Рома" алгачкы мүнөттөрдөн баштап курч чабуулдарды уюштуруп, эсеп санын 6-мүнөттө Эдин Жеконун голу менен ачты. 57-мүнөттө "Барселонанын" коргоочусу Жерар Пике өз айып аянтчасында атаандашын кулатып, эреже бузду. "Рома" пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болуп, аны Даниэл Де Росси мыкты аткарды. Эсеп 2:0. 82-мүнөттө "Романын" оюнчусу Женгиз Ундер топту бурчтан чыгарса, аны Константинос Манолас башы менен сокку узатып, эсепти 3:0 кылып кетти. Беттештин соңуна чейин "Барселона" эсепти өзгөртүүгө бир топ аракет жасаганы менен таамай болгон жок.

Муну менен эки беттештин жыйынтыгында 4:4 эсеби катталды. "Рома" Барселонада өткөн беттеште 1 гол киргизгени менен Чемпиондор Лигасынын жарым финалына өтө алды.

Рома- Барселона. Чемпиондор Лигасы 2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
FCBMESSI
2018-04-11 08:46:45
Барселона тоготпой койду эле.Не дейбиз бирде жеңилет бирде жеңет. Кийинки оюндарына ийгилик.
0
Isco23
2018-04-11 09:43:41
FCBMESSI,ошол учун чон суйлобош кк. Бирде женилет бирде женет дебей))) жеребьевка болгондоле барса полуфиналда деп озунорду кудай сезип
+3
FCBMESSI
2018-04-11 16:53:21
Isco23,Барса быйыл чемпион болот Ла лигада.Реал болсо араң 3-орун болушу мүмкүн
+1
Makkambaev97
2018-04-11 09:06:52
Рома алга
+2
Makkambaev97
2018-04-11 09:08:02
Лига чемпионов ойногонго Барсанын кучу жетпейт экен али
+7
Isco23
2018-04-11 09:44:26
Makkambaev97,международный аренада орду жлк. Чыкса сити барса псжлар чыкмак да акчага сугарылган клубдар
+5
seni.gana
2018-04-11 09:10:54
Барса аябай еле начар ойноду женет деп ойлогом
+6
murat17
2018-04-11 09:12:33
чындыгында ромадан мындай оюн кутподум эле азаматсын рома татыктуу жендин барсага болсо сабр
+9
Jyluusuu1991
2018-04-11 10:08:57
Ошондо барса учтубу туугандар?
+2
Isco23
2018-04-11 10:17:33
Jyluusuu1991,оа,жайындасы жылуусууга тушобузбу?майрамдап)))
+3
Rasul94
2018-04-11 10:23:09
жакшы эле ыргып кетти барса.жарым финалда мындан дагы жаман болот болчу кечээги оюну менен
+2
aksuu_aduk
2018-04-11 10:56:59
Реалдын куйормандарыго толо бул жер как будта реал барсаны женгендей
-4
madrid7000
2018-04-11 12:22:29
aksuu_aduk,Апэээээээй Силердин теманарга жайгашып алыптырбызбы?
-1
koshoi_bolotbek
2018-04-11 11:00:55
Реал женсе жакшы эмеспи...кичине болсо да опытныйраак... Ромадан женилип атса... топ тоголок да)))
+2
koshoi_bolotbek
2018-04-11 11:02:20
Эми бугунку сюрпризди Севильядан кутолу...
+3
mukai
2018-04-11 13:49:53
Эми ойунда ар кандай кырдаал болотта. Эмне мынча куйуп быштынар. Ким билет барса бул ойундан кийин оздоруно чон сабак алаттыр. Биз бир ууч кыргыздар каяктагы Испаниялык футбол командалары учун бири бирибизге ачуу создорду суйлоп жатабыз. Топ тоголок омааты келгени женет.
+1
Hacker99
2018-04-11 14:54:44
Бул жылы Барса жене албады бирок буюрса кийинки жылга калат
+1
King_Messi
2018-04-11 18:58:44
Реалдын фанаттары жаман суйундунорго Барсадан коркуп жаткан экенсинер 2:1 тушуп калбайлы деп Барселона женилседа мыкты команда!!
+1
Esenali
2018-04-11 20:33:48
King_Messi,туура айтасын барса реалчылардын журогун алып коюптур
+2
Bale
2018-04-11 21:38:32
Esenali,ха ха ха өзүңөрдү калп эле ушинтип алдай бергиле
-1
Bale
2018-04-11 21:39:58
Реалдай кучтуу командалар түшсө Псж Ювентус деген сыяктуу.. барсанар буга чейин жетмек да эмес
-1
Rasul94
2018-04-11 21:43:59
Bale,эн туура соз болду
-1
King_Messi
2018-04-11 21:57:54
Силер эмес Рамос айтты бизге эн кучтуу атандаш Барселона болчу деп Эми эч кимден коркпойбуз деп силерда Барсадан коркуп жаткан сынар барсадан тушуп калган журогунор Эми ордуна келген бош керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан