Түркмөнстандын Ашхабад шаарынын тургундары жолдогу жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайдан наушник укса, айып пул салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бардык жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайлардын жаңы тартиби иштелип чыккан. Мындай тартип адамдардын коопсуздугун сактоо иретинде киргизилген.
"Махтумкул көчөсүнөн өткөндө мени полиция тосуп, тартип бузганымды айтып, айып пул салуу үчүн тийиштүү документтерди толтурууга полиция кеңсесине баруумду айтты. Менин ал жакка барууга убактым жок болгондуктан ошол жерден сүйлөшүп, 20 манат (350 сом) төлөп кеттим", - деген наушник угуп бараткан Ашхабад шаарынын тургуну.
Түркмөнстан жол коопсуздугун сактоо үчүн бир нече тартиптерди киргизип, коопсуздук талаптарына жооп бербеген унааларды ташууга жанан аялдардын унаа айдоосуна тыюу салган.