Англиянын Лосток-Холл шаарынын тургуну баласына бир бөйрөгүн берүү үчүн 51 килограммга арыктаган. Мындай маалыматты батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 61 жаштагы Барри Стоукстун Алан аттуу уулу өспүрүм кезинде рак илдетинин сейрек кездешүүчү түрү менен жабыркаган. Дарыгерлер Аландын аз эле өмүрү калганын кабарлаган. Бактыга жараша, химиялык терапиядан кийин Аландын ден соолугу жакшыра баштаган. Бирок бир нече жолку химиялык терапия баланын бөйрөгүн иштен чыгарган. Мындан улам дарыгерлер "Алан рак илдетинен толук айыга элек, андыктан анын бөйрөгүн алмаштыруу керек" деп айтышкан. Ал эми ага өз атасы гана донор боло алмак. Бирок Барри Стоукс 127 килограмм салмакта болуп, донор боло алган эмес.
Баласы үчүн Барри Стоукс бир нече ай тынымсыз спорт менен машыгып, 51 килограммга арыктаган. Эми ал баласына донор боло алат.