Япониянын жараны дүйнөдөгү эң улгайган эркек адам деп табылды

Япониянын 112 жаштагы жараны дүйнөдөгү эң улгайган эркек деп табылды. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор китебинин" расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, төрөлгөнүнө 112 жыл 259 күн болгон япониялык Масадзо Нонака аттуу жаран дүйнөдөгү эң улгайган эркек деп табылган. Рекорддор китебинин Япониядагы өкүлү Эрика Огава Нонака жашаган Хоккайдо аралына барып, ага атайын сертификат тапшырып келген.

Белгилүү болгондой, Нонака 1905-жылы 25-июлда жарык дүйнөгө келген. Анын жети эркек бир тууганы жана бир карындашы бар. Ал эми өзү 5 баланын атасы.

Нонака бош убактысында гезит окуп, телевизор көрүү менен биргеликте ар кандай таттуу даамдарды жегенди жакшы көрөт. Бул жаран "Дүйнөдөгү эң улгайган эркек" наамын алган жалгыз япон эмес. Мурда ушул эле наамга 116 жаштагы Дзироэмон Кимура аттуу Япон жараны татыктуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ziash85
2018-04-11 10:18:36
Япондор узак жашашат экен да ээ?
+4
nuri1
2018-04-11 10:19:32
Негизи япониялыктардын жашоо узактыгы абдан жогору.
0
Zainidin96
2018-04-11 10:59:30
Биздин 1тонна беш бармагыбыз кирдиби гиннеске
+8
Bekzamann
2018-04-11 11:57:29
дале жашко
+1
Aidani
2018-04-11 14:34:05
Бизде деле барго 113 жашка чыккан эне ал эмне кирбейт гиннеске
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан