Жогорку Кеӊеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун караганы жатат.
Парламентте 112 депутат каттоодон өттү. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков башкы прокурор Жолдубаева жыйынга келбей турганын айтып Жогорку Кеӊешке кат жазганын айтты.
Өлкө башчынын сунушун 10-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитети карап, колдоого алган.
Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеӊеште президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасамакчы.