Исхак Масалиев: "Башкы прокуратура козгогон иштер кайра каралышы керек"

Президенттин башкы прокурорду кызматтан бошотуу боюнча сунуш бергени өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Мындай пикирди бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

"Башкы прокуратура бир ууч топтун буйругун аткарган кызматка айланып калган. Мындай көрүнүштү жоюшубуз керек. Буга чейин козголгон кылмыш иштерин кайрадан карап чыгып, текшерүүгө алыш керек", - деди Масалиев.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушу каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан