Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурорго "Белизгейт" боюнча суроолор убагында берилбегенин айтты

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурор Индира Жолдубаевага "Белизгейт" боюнча суроолор убагында берилбегенин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн башкы прокурор келбей калды, былтыр парламентке ал башкы прокуратуранын отчёту жана "Белизгейт" боюнча маселе каралганда келген. Биз суроолорду ошондо беришибиз керек болчу. Ал кызматтан кетип, тагдыры чечилип калганда суроо берип аны жемелөө туура эмес. Индира Жолдубаева келбей калдыбы, демек, суроолорго мыйзам боюнча жаңы келе турган башкы прокурор жооп берүүсү зарыл. Буга чейин болгон окуялар болбосун, кайталанбасын деп жаңы башкы прокурорго эскертели", - деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунушун колдоду.

Парламент президенттин башкы прокурорду кызматтан бошотуу сунушун колдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан