Камбоджада баш мээсинин жарымы жок ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Камбоджанын чыгышында жайгашкан алыскы айылдардын биринде баш сөөгүнүн жана баш мээсинин жарымы жок Ах Нит аттуу кыз жарык дүйнөгө келген.
Дарыгерлер кичинекей Ах Нитке анэнцефалия (баш сөөгүнүн жана баш мээсинин жарым бөлүгүнүн жоктугу) диагнозун коюшкан. Кызды дарыгерлерге көрсөтүү үчүн ата-энеси үйүн жана жер тилкелерин сатышкан. Азыркы тапта бейтапты дарыгерлер үйүнө чыгарып беришкен.
"Мен төрөгөндө эле балам башкача экенин сезгем. Бир нече күн ыйлагам. Биз абдан жакыр жашайбыз, ошол себептен болгон мүлкүбүздү кызыбыздын жанын сактап калуу үчүн саттык. Азыр болсо элден жардам сурап жатабыз", - деп билдирген кыздын апасы.
Бул оорунун дүйнө жүзүндө чанда кезиккенине карабастан, дарыгерлер кыздын жашап кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришип Ах Нитти борбордогу ооруканага алып барыш керек экендигин билдиришкен.