Нарын облусунда аба ырайынын жылышы менен суунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу 18-июндагы жыйында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Анда белгилүү болгондой, Нарын районунун Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма унаа жолунун 50-чакырымындагы Ылайлуу-Суу көпүрөсүн аба ырайынын жылышы менен кардын тез эригенинен улам суу деңгээли көтөрүлүп, кыян суу алып кеткен. ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын берген маалыматында, Жумгал районунун Кара-Кече жолунун 30-35-чакырымындагы Кара-Кече суусунун деңгээли көтөрүлүп, жолду 5 аймактан жеп кетүү коркунучу пайда болгон.