Британиянын Бат университетинин окумуштуулары пластырь түрүндөгү гаджет ойлоп табышты. Аталган гаджет кандын курамындагы глюкозанын деңгээлин аныктай алат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга чейин кандын курамындагы канттын өлчөмүн билүү үчүн бармактын учун тешип, ийне аркылуу кан алынса, эми жаңы иштелип чыккан гаджет бул процессти жеңилдетет. Тактап айтканда, гаджеттин кичинекей сенсору клеткадагы суюктуктан глюкозаны түктүн фолликулу аркылуу соруп алып, бармактын учун тешүүнү талап кылбайт.
Ойлоп табуучулардын бири Аделина Или: "Азырынча глюкометрдин баасы белгисиз. Ошондой эле аталган гаджет бир күндө 100 адамдын канын текшере алат", - деп кошумчалаган.