Депутат: "Өкмөттүн отчётун угуп отурбай, кетирүүнүн жол-жоболорун карап чыгышыбыз керек"

Бүгүн, 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев өкмөттүн отчётун угуп отурбай, кетирүүнүн жол-жоболорун карап чыгуу керектигин айтты.

"Менин "өкмөт банкрот болду" деп жалпы айтканымды алар түшүнүшкөн жок. Өздөрүн каржыга байланыштырып, аткарылган иштерин айтты. Жакшы иштеп жаткан өкмөт мүчөлөрү бар. Мен өкмөт башчыга кадр саясаты, "Жаңы доорго кырк кадам" программасына болгон аракет артка кетип, ишиңиз жүрбөй калды деп айткам. Сапар Исаковдун премьер-министр катары саясаты ишке ашпай калды. "Жаңы доорго кырк кадамы" артка кетти. Кадр саясаты менен гана алышып туруп калдыңыз. Мына "Liglass" жана "Huawei" компаниялары боюнча өкмөттүн инвестициялык аброюна канча доо кетти? Бул өкмөт башчынын жоопкерчилиги эмеспи? Өкмөт башчынын бир кеңешчиси депутаттык корпусту сындап жатат, алар сын айтпай жумушун кылыш керек. Ошондуктан мен көпчүлүк коалициянын атына, парламентке да кайрылам өкмөттүн отчётун күтүп отурбай, кетирүүнүн жол-жоболорун карап чыгуу зарыл", - деди Зулушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан