Кызыктуу факт: Индира Жолдубаева дайындалганда да, отставкага кеткенде да бирдей сандагы депутаттардын колдоосун жана каршы деген добуш алды

Жогорку Кеңеш 2015-жылы 28-январда башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдогон. Добуш берүү жабык өткөн. Ошондо анын талапкерлигине каттоодон өткөн 107 депутаттын 105и "макул", экөө "каршы" деп добуш берген.

11-апрелде Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча так ушундай сандагы депутаттар добуш берип, 105и "макул", экөө "каршы" болду.

Айырмачылыгы - бул Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлукка дайындоодо Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы, ал эми аталган кызматтан бошотууда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы добуш бергени.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун Жогорку Кеңешке жөнөткөн.

Маалымат үчүн: Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 29-январында дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдар аралыгында президенттик аппараттын укуктук камсыздоо, соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдөрүндө иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан