Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды.
Мелдештин алгачкы күнү 57, 65, 74, 86 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер өтүп, анда 156 спортчу күрөшүүдө. Ал эми эртең, 12-апрелде балбандар 61, 70, 79, 92 жана 125 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашмакчы.
Мелдештин башкы максаты 2018-жылдын 18-августунан 2-сентябрына чейин Индонезияда өтө турган жайкы Азия оюндарына Кыргыз курамына кире турчу балбандарды аныктоо болуп саналат.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча балбан Муслим Евлоев алтын медалдын ээси болгон.