Бишкектеги сейил бакта топ балдар милиция кызматкерлерин сабап кетишти

18-июнда Бишкектеги сейил бакта топ балдар милиция кызматкерлерин сабап кетишти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти. Маалыматка ылайык, Октябрь райондук милиция кызматкерлери Дайыр Асанов атындагы сейил бакта спирт ичимдиктерин ичип отурган балдарга эскертүү беришкен. Ал эми балдар аларды сөгүп башташкан. Административдик материал түзүү үчүн милиция бөлүмүнө алып келгенде, балдардын бири милиция кызматкерин тээп жиберген. Калган балдары экинчи милиция кызматкерлерин сабап башташкан. Аларды унаага салып, Октябрь РИИБине алып жөнөшкөндө балдардын бири айдоочуну муунтуп, унаадан алып чыгып сабап, качып кетишкен. Иликтөөлөрдүн натыйжасында 22 жаштагы 2 бала кармалган. Кармалган балдарга карата кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aziz2000
2013-06-19 12:22:33
Вообще то милициянын тышкы келбети дагы кызматына ылайык болуш керек.Крутой атасынын акчасы менен окууну буткон бою 1.60см болгон бечара милиция болсо мен деле сабап салмакмын.
+1
nazira1989
2013-06-19 13:45:13
Укук коргоочуларыбыздын кадыр баркы мынакей,каадаланып ал балдардын кыжырына тийсе керек да?Коп учурда биздин коргоочуларыбыз формасынын суруно ишенип ашыкча иштерди,создорду суйлоп жиберишет,антсе мен да жиним келет да...Арасында бар "честно" иштегендер,аларга алкыш,кобунчосу опкосун колуна кармагандар да...
0
Azat.76
2013-06-19 13:50:45
Паркта ичип отурушкан балдар озулору болочок милиционерлер,Академиянын студенттери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан