Бүгүн футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-туру старт алат

Бүгүн, 11-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-туру старт алат. Бишкек шаарындагы футбол борборунун талаасында бишкектик "Дордой" командасы менен Оштон келген "Академия" командасы кез келет. Беттештин башталышы саат 14:00дө.

Айта кетсек, 1-турда бишкектик "Дордой" "Кара-Балта" командасы менен күч сынашкан. Анда бишкектик команда беттештин жыйынтыгында Амир Гурбани киргизген 2 гол менен жеңишке жеткен. Ал эми "Академия" командасы 1-турда кочкор-аталык "Нефтчи" командасы менен күч сынашкан. Беттеш 2:0 эсебинде "Нефтчинин" жеңиши менен аяктаган.

Эртең, 12-апрелде 2-турдун оюндары Кочкор-Ата жана Кант шаарларында уланат. Кантта "Алга" менен "Кара-Балта" кез келсе, Кочкор-Атада "Нефтчи" өз талаасында бишкектик "Илбирсти" кабыл алат. 2-тур 15-апрель күнү Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Алай" беттеши менен жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан