Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сындарына жооп кайтарды. Депутат сот системи түп тамырынан талкаланганын айтты.
"Мен бүгүн соттордун атына көө жапкан Зулушев эмес, эл добуш берип шайлаган депутатмын. Акыркы жылдарда сот системи толук талкаланды. Соттор бийликтен көз каранды, адилетсиз жана чөнтөк сотторго айланды. Арасында мыйзамды сыйлаган адилет соттор бар. Бирок алар калыс чечим чыгаргандан коркушат. Себеби бизди жумуштан кетирүү менен башка сотторго сабак кылып, сотторду эрксиз көз карандылыкка айландырышты. Азыркы Жогорку Сот, жергиликтүү соттор эч нерсе чечпейт. Маселенин баары президенттик аппараттан чечилет", - деди Зулушев.
Депутат жыйынга катышып жаткан өкмөт башчысы Сапар Исаковго кайрылып, кызматтык этиканы сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, 31-мартта КСДП партиясынын съездинде Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын берип, "соттун атын уят кылганы үчүн кызматтан алынган каяктагы бир Зулушев деген неме болбогон нерселерди кыйкырып баштады. Мен анын артында ким турганын көрүп турам. Сапар Исаков Раим Матраимовду кызматтан кетирип, буларды катуу таарынтты", - деп билдирген.
Курманкул Зулушев - Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы. 2013-жылы шаардык соттун судьясы болуп турганда кылмышка айыпталган "Ата Журттун" ал кездеги депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актоо чечимин чыгарган. Көп өтпөй Зулушев Соттор кеӊеши тарабынан судьялыктан бошотулган. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 28-мартта парламентте Зулушев өкмөт үмүттү актабаганын, саясий жактан да, экономикалык жактан да банкрот абалына кептелгенин айтып чыккан. Депутат өкмөттү жаӊылоо же алмаштырууга мезгил келгенин билдирген.