Марк Цукерберг Фейсбуктун коопсуздугун күчөтө турганын айтты

Фейсбуктун коопсуздугу күчөтүлөт. Аталган социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул тууралуу АКШнын Сенатынын комитет жыйынында айтканын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Цукерберг миллиондогон колдонуучунун жеке маалыматтарынын үчүнчү колго өтүп кетиши боюнча суроолорго жооп берип жатып, компания катачылыкка жол бергенин моюнуна алды. Бирок коопсуздук күчөтүлө турганын убадалады. Ал үчүн компаниянын коопсуздук багытындагы бөлүмүнө 2018-жылы 20 миңдей кызматкер жумушка алына турганын кошумчалады.

"Биз өзүбүздүн жоопкерчилигибизге олуттуу түрдө жетиштүү мамиле жасаган жокпуз. Чоң катачылык кетирдик, бул менин катачылыгым. Ошондуктан кечирим сурайм. Бизде жыл аягына чейин билдирүүлөрдү текшерүү менен алектене турган 20 миңден ашык кызматкер болот. Коопсуздук күчөтүлөт", - деди Цукерберг.

Белгилей кетсек, буга чейин "Cambridge Analytica" деген компания ар кайсы өлкөдө шайлоо учурунда саясий максатка пайдалануу үчүн Фейсбуктун колдонуучуларынын жеке маалыматтарын алардын уруксаты жок алганы ачыкка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sogushov
2018-04-12 03:32:42
Марк Цукерберг, Илон Маск, Стив Жобс ушул уч адам кыргызстанда торолсо Кыргызстан онолсо керек еле дейм!
0
AKCAHAT
2018-04-12 16:27:59
Sogushov,эмдигиче атып кетмекпиз
0
Jelezo
2018-04-12 06:26:04
Биздикилер коркутуп жүрүп бизнесин тартып алмак
+3
traveler
2018-04-12 09:37:37
Закирбек катырат, мододец!
+1
AKCAHAT
2018-04-12 16:27:35
travel,))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан