Чемпиондор Лигасы: Криштиану Роналдонун акыркы мүнөттө киргизген голу "Реал Мадридди" жарым финалга чыгарды

12-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алды. Анда Мадрид шаарында италиялык "Ювентус" конокто испаниялык "Реал Мадрид" менен беттешти.

"Сантьяго Бернабеу" стадионунда орун алган беттеш 3:1 эсебинде "Реалдын" жеңиши менен аяктады. "Ювентус" бул беттеште укмуштудай оюн көрсөтүп, жарым финалга өтүп кете жаздады. Италиялык клубдун оюнчулары алгачкы мүнөттөрдөн атаандашынын коргоочуларынын айласын кетирип, 2-мүнөттө эле Марио Манжукичтин голу менен эсепти 1:0 кылды. 37-мүнөттө Марио Манжукич Стефан Лихштайнердин чыгарып берүүсүн ийгиликтүү жыйынтыктап, эсепти 2:0 кылды. Муну менен италиялык команда толугу менен өзүнө ишенип, көбүрөөк чабуул жасоого аракеттене баштады. Ал эми, Зинедин Зидандын шакирттери эсеп санын өзгөртүүгө шашылып, кооптуу чабуулдарды уюштуруп жатышты. Беттештин 67-мүнөтүндө Блез Матюиди Кейлор Навастын катачылыгынан пайдаланып эсепти 3:0 кылып кетти. Мындан кийин командаларга жеңишке жетиш үчүн 1 гана гол керек болчу. 90-мүнөттө Мехди Бенатиа өз айып аянтчасында Лукас Васкести жыгылтып, атаандашына пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк берди. Калыстын мындай чечимине ачууланган Жанлуижи Буффон ага орой мамиле кылганы үчүн кызыл айып кагазын алып, оюн талаасын таштоого аргасыз болду. Пенальтини Криштиану Роналду мыкты аткарып командасына жеңиш алып келди.

Муну менен "Реал Мадрид" чейрек финалдын эки беттешинин жыйынтыгында "Ювентусту" 4:3 эсебинде утуп, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына "Бавария", "Ливерпуль" жана "Рома" командалары менен бирге өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Karasuu27
2018-04-12 06:28:22
Реал champion
+6
Mir17
2018-04-12 14:37:19
Karasuu27, ХХХХХ
-2
admin_media
2018-04-12 15:07:30
Mir17, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
-1
King_Messi
2018-04-12 07:20:41
Реалдын 12чи оюнчусу судья экен тартып койдум эркекче мойнунарга алгыла ХХХХХХХ
-8
King_Messi
2018-04-12 07:21:01
Тартып койду
-5
Taku.14.02
2018-04-12 09:58:12
King_Messi,тартпай эле видео повтордон дана эле корунуп аттыго тура эле
+3
Rasul94
2018-04-12 07:48:27
Реал Мадрид буйруса чемпион.жашасын улуу Мадрид. жаша Роналду
+5
Brokg89
2018-04-12 08:00:57
Барса ХХХХХХХХ ха ха хааа!
+5
King_Messi
2018-04-12 08:30:05
Реалдын ХХХХХХХХ
-1
admin_media
2018-04-12 09:57:29
King_Messi, Brokg89,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтүүгө тыюу салынат!
+1
aiba-889290
2018-04-12 09:20:38
Реалдын куйормандары женишинер кут болсун.Юве ээээх мыкты оюн коргоздунор,конокто 3 гол киргизип.Акыркы минутада ката кетирбесе овертаймда дагы оюн кызыктуу болмок.Давайте менин командам мыкты,сенин командан мыкты деп талашпай бир бирини капа кылышпай эле жарым финалды кутолу.
+2
aksuu_aduk
2018-04-12 09:28:54
Реалга кыйын мезгилде жениш алып бере турган судиялары бар, анан ошол женишти мактана суйлой турган куйормандары да бар
-3
Isco23
2018-04-12 11:38:53
aksuu_aduk,дагы чыктынбы? А так женди го хихих барсага окшоп гол ура албай калбады го
+1
Djumahmatov
2018-04-12 09:31:50
Туз жалагыла реал кааласа коркутуп деле утуп алат
+3
Rasul94
2018-04-12 10:34:11
Djumahmatov,ха ха хаа
0
Rasul94
2018-04-12 09:44:27
Бул заалым Реал копторду журок оору кылып салды окшойт. алга Реал
0
Brokg89
2018-04-12 10:24:54
Реал утуп келген и дальше ута берет !!!
+1
Kojosh80
2018-04-12 12:02:35
Жакшы оюн болду жеребёвка качан болот эми
+1
Rasul94
2018-04-12 12:19:31
Kojosh80,эртен болот мск время 13 00
+1
Isco23
2018-04-12 13:03:47
Барсамандар куьанычынарда чек жок беле 90 минутка чейин)))анан ностр нак болдубу
+1
dair_17
2018-04-12 14:08:40
Футболду ХХХХХХХХ
-3
Rasul94
2018-04-12 16:31:01
dair_17,сенин тушунгонун корунуп турат создорундон.
+1
admin_media
2018-04-12 17:07:41
dair_17, провокация жаратпаңыз!
-3
Nurbag
2018-04-12 20:28:17
Реалчылар кутулуп калдынар куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан