Парламентте Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун баяндамасы эске алынды

Кечээ, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2016-жыл үчүн баяндамасы угулду.

Аталган борбордун директору Нурдин Сулаймановдун маалыматы боюнча, 2016-жылга карата кыйноолор боюнча 209 билдирүү келип түшкөн. "Ал эми прокуратура органдарына кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле боюнча 435 арыз түшкөн. Кыйноолор боюнча билдирүүлөрдүн 179у превентивдүү текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынса, 18 билдирүү кыйноолордун курмандыктарынын адвокаттары тарабынан, аталган улуттук борбордун "Түз линиясынын" телефону аркылуу 4 билдирүү түшкөн", - дейт ал.

Жыйынтыгында борбордун директорунун 2016-жыл үчүн баяндамасын эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан