Дүйнө жүзү күтүп жаткан тасмалардын тизмеси жарыяланды
"USA Today" басылмасы 2018-жылы күз айларына чейин жарык көрчү дүйнөлүк тасмалардын тизмесин жарыялады. Кино сынчылардын баамында дал ушул тасмаларды дүйнө жүзүндөгү кино сүйүүчүлөр чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Аталган тизмеге "Marvel" дүйнөсүнүн 3 тасмасы кирген, алар: "Мстители: Война бесконечности" бул тасманын бет ачары КМШ өлкөлөрүндө 3-майга пландалган, "Дэдпул 2" (17-май), "Человек-муравей и Оса"(4-июль).
Ошондой эле бул тизмеге белгилүү голливуд актёру Том Круз роль жараткан "Миссия невыполнима: Последствия" тасмасы жана "Оушендин 11 досу" криминалдык комедиясынын айымдар үчүн тартылган бөлүгү "Оушендин 8 курбусу" тасмасы кирген.
Мындан сырткары сынчылар "Walt Disney Pictures" студиясынын "Хан Соло. Звездные войны: Истории" (24 май) жана 2004-жылы жарык көргөн "Суперсемейка" анимациялык тасмасынын 2-бөлүгүн белгилешкен.