Жогорку Кеӊештин депутаттары "аз иштеп жатабыз" деп нааразы

Жогорку Кеӊештин жыйындарын түшкө жетпей бүтүрүү адатка айланып калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде парламентте депутат Кенжебек Бокоев айтып чыкты. Депутат Жогорку Кеӊеш талкуулай турган маселе абдан көп экенин белгиледи.

"Жыйындар түшкө жетпей бүтүп калууда. Бүгүн да күн тартибинде 5-6 эле маселе турат, Жогорку Кеӊеште карай турган маселе жокпу? Ар бир жыйында бирден мыйзамдын аткарылышын талкууласак. Мисалы, мен жарым жыл мурун энергетика жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштагам, карала элек. Жаӊы конушка, жаӊы көчөгө электр линияларын ким тартат? Жергиликтүү бийликпи же башкасыбы? Ушул маселени бүгүн карайлы", - деди Бокоев.

Спикер Дастанбек Жумабеков комитеттин кароосунан өткөн бардык мыйзамдар Жогорку Кеӊеште каралып жатканын, кайсы бир мыйзамды атайын кармап калуу жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан