2 жыл мурун шайланган жергиликтүү кеӊештин 800дөй депутатына дагы деле депутаттык төш белги бериле элек. Жогорку Кеӊештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн, 12-апрелде айткандай, БШК депутаттардын кайрылуусуна реакция кылбай жатат.
"Жергиликтүү кеӊештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда "депутаттын ыйгарым укуктары ага берилген депутаттын күбөлүгү жана төш белгиси менен ырасталат" деп турат. Бирок берилбей жатат. Жергиликтүү кеӊешке шайлоо 2016-жылы өткөн, 2 жылдан бери бериле элек. Ага бөлүнгөн акчаны жеп коюштубу же төш белги жасай турган цех жокпу? Депутаттар бул боюнча кайра-кайра кайрылып, жооп болбой жатыптыр. 800дөй депутатка төш белги бере албай отурабыз", - дейт Бокоев.
Депутаттык төш белгилерди жасатуу боюнча 2016-жылы чуу чыккан.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясы 6,3 миллион сомго жергиликтүү кеңештин депутаттарына алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Декабрда БШК тендердин жыйынтыгын чыгарып, жаңы 9000 депутаттын төш белгиси жана күбөлүгү үчүн 4,7 миллион сом жумшаларын билдирген эле. Катышуучулардын арасында 9 миң төш белгини 675 миң сомго жасап берүүнү сунуштагандары да болгон, бирок БШК аларды тандаган эмес.
Бирок 2017-жылы январда алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган.