Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу "Мегакомдун" баасы мыйзамдуу төмөндөтүлгөнүн айтып, Болсунбек Казаковдун кармалышына түшүндүрмө сурады.
"Биздин арабызда бир топ депутаттар “Мегакомдун” сатылышы боюнча комиссиянын мүчөсү элек. Ал жерде биринчи этапта сатып алуучу жок деп аукциондо "Мегакомдун" баасы түшүрүлгөн. Андан кийин дагы баасын түшүрүүнүн үстүндө турабыз. Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду "Мегакомдун" баасынын түшүрүлүшү боюнча камашты. Мен ошол депутаттык комиссиянын мүчөсү катары "Мегакомдун" сатылышына каршымын. Ал жакта мыйзамдуу иш болуп жатат деп кол койгонбуз. Баалар мыйзамдуу жол менен түшүрүлгөн, эмне үчүн аны камап жатканы боюнча жооп бериңиздерчи?” – деди Жунус уулу.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков камакка алынган.