Депутат Карамушкина: "Бишкектеги көрүстөндөрдө сөөк коюу үчүн бир орун 100 миң сомго чыкты"

"Бишкек шаарындагы көрүстөндөрдө сөөк коюу үчүн бир орун 100 миң сомго чыкты", - деди 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина.

Эл өкүлү көрүстөндөрдө атайын уюшкан топтор чоң суммада акча жасап жатканын айтты.

"Менин дарегиме Бишкектин четиндеги көрүстөндөгү көз боёмочулук жана коррупциялык схемалар боюнча кайрылуу келип түштү. Байтик айылында каза болгон адамдын сөөгүн көмүү үчүн көрүстөндөн орун алууга 100 миң сом талап кылынган. Ал эми сөөк үчүн жай казгандар өзүнчө акча талап кылышат экен. Башында 15 миң сом болчу экен. Кийин акырындык менен 100 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бул үчүн эч кандай журналдык каттоо, акы төлөнгөнү үчүн дүмүрчөк берилбейт. Жергиликтүү бийлик ушул коррупциялык иштерге көз жумуп келе жатат же шериктеш болуп алган", - деди Карамушкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан