Билл Гейтс менен Анжелина Жоли дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу адамдар деп табылды

Эл аралык "YouGov" изилдөө компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу жана сыйлуу адамдардын тизмесин жарыялап келет. Бул жылы да жаңыланган тизме коомчулукка жарыяланды.

Билл Гейтс

Анжелина Жоли

Маалым болгондой, эл ичинде эң көп кадыр-баркка ээ адамдарды аныктоо үчүн коом ичиндеги сурамжылоого 35 өлкөнүн 37 миң жашоочусу катышкан. Жыйынтыгында, эркектер арасында эң сыйлуу адам катары америкалык ишкер Билл Гейтс табылса, аялдар арасында биринчиликти белгилүү актриса Анжелина Жоли багындырган.

Ал эми эркектер арасында алгачкы үчтүккө Барак Обама жана Жеки Чан кирсе, аялдардан Мишель Обама менен Опра Уинфри сыйлуу инсандардын катарын толуктаган. Кызыгы, эркектер арасында көбүнчө саясатчы, спортчу жана ишкерлер бааланса, айымдардан кино жана шоу-бизнес тармагындагы атактуулар баалана турганы байкалган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
i1urp
2018-04-12 12:53:11
Адамды барктуу кылган чонтогундогу байлыгы.
+2
Ernic
2018-04-12 15:17:31
i1urp,Ошо акчаны көбүн оруулу балдарды айыртырганга берип жатат. Бир жылы 60 млн доллар берди эле.
+7
Beknur10
2018-04-12 13:54:00
Бизде Алмазбек Атамбаевдей экен да
-2
AKCAHAT
2018-04-12 16:22:56
Цукерберг Стив Джобс жок го ээ
+3
Hacker99
2018-04-12 18:19:49
AKCAHAT, Стив Жобсдун олгонуно 7 жыл болду
+2
jbolotov
2018-04-12 19:07:50
Мен учун адамгерчиликтуу, жакшы кулк муноздуу адамдар, эч кандай айлык албасада суукта эрте туруп даарат алган имамдар шугурчул кыргыздар кадырлуу )
0
States
2018-04-12 21:14:44
jbolotov, Анан кудай берет деп жата берсе
0
barsa30
2018-04-13 05:36:56
Джеки Чан чынындале чон сыйга татыктуу..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан