Бүгүн, 12-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Азизбек Турсунбаев жол тыгындарын жоюу үчүн спутник шаарларын курууну сунуштады.
Депутат учурда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүп жатышы экинчи тараптан маселе жаратып жатканын белгиледи.
“Азыр көп кабаттуу курулган үйлөрдүн жогорку кабаттарына суу чыкпайт, газ жок. Бул жагдай азыр жаралып жатат. Кийин чечилбеген маселеге айланышы мүмкүн. Жолдор боюнча, жол тыгындары боюнча маселе бар. Аны чечүүнү биз Орусиянын мисалында ишке ашырсак болот. Орусияда шаардагы бардык административдик мекемелерди, министрлик, башкармалыктарды спутник шаарларды куруп көчүрүп барды. Алар ушул жол менен жол тыгындарын жана башка маселелерди чечти. Эгер бизде мамлекет бул ишти жасай албаса, анда жеке компаниялар менен сүйлөшүш керек”, - деди Турсунбаев.