Стамбулда дүйнөдөгү эң чоң мечит ачылат

Стамбулда дүйнөдөгү эң чоң мечит ачылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Түркиянын Стамбул шаарында Чамлыжа мечити Орозо айында ачылат. Азыркы тапта мечитти куруу иштери бүтүп, ичин жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

"Чамлыжа мечитинин аянты 15 миң чарчы метрге жетип, ичине 50 миңге жакын адам батат. Мечитте жайгашкан мунаралардын төртөөнүн бийиктиги - 107 метр болсо, экөөнүкү - 90 метр. Мечиттин жанына өзүнчө китепкана, галерея жана жыйындар залын камтыган маданий борбор куруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Aiba__95
2018-04-12 13:49:35
Биздеги качан ачылат
+2
Chagylgan1
2018-04-12 13:52:32
Эми ошого ылайык парковкасы болбосо, ансыз да пробка боюнча дуйнолук лидерлердин катарын толуктаган Стамбулда пробка ан сайын кучоору бышык...

Анан да мындай чон мечитте теракт ыктымалы жогору, ошол учун коопсуздук маселеси башкы планда болушу керек.....
+1
s81
2018-04-12 13:52:38
Сонунго
+2
KGstan1981
2018-04-12 14:05:16
Ма шаа Аллаh!
+4
i1urp
2018-04-12 14:19:58
Дин десе эле арабтардын идеясын маданиятын артынан ээрчибей, чыныгы ишеним журокто гана болот. Ото эле аша чапкан элдин динчил болуусу туура эмес. Негизи бизде мечиттерди эмес, илимий изилдоо борборлорду кобуроок салыш керек.
+13
sinej
2018-04-12 14:38:06
Азыр бизде мусулман деп койсо эле аша чаап, кочого диний кийимдерге оронуп, катынып, сокур фанат болуп жатышкандары окундурот. Мечитке кайра кайра чуркабай, хиджабтарга оронбой эле, туз жургон кыз -жигиттерибиз толтура. Шарыятты куумай жок.
+4
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-12 14:46:37
Кудай кааласа дуйно жузу Исламга отот 250% ишенем Аллаху акбар.
+5
yrmat88
2018-04-12 14:50:16
Кудайды укмак бар, кормок жок. Шарыят деп чала молдолордун артынан ээрчибей, ар кимибиз аз алдынча туура ой жугуртууго жана иш жасоого акыбыз бар.
-6
Bekzamann
2018-04-12 15:00:18
Машаллах!
0
Aliyar-Bei
2018-04-12 15:12:49
Дин десе эле мечит менен сакалчан жана хижаб кийгендерди элестеткен бир туугандар арканды узун таштап, дүйнө-таанымыңарды кененирээк кылгыла. Ата-бабабыз кылымдар бою карманып келген шариятты тереңирээк үйрөнөлү. Шарият – жөнөкөй адамгерчиликтен баштап космос, галактикага чейинки илимдерди жана ажатканада олтургандан баштап мамлекетти башкарууга чейинки түзүмдөрдү өз ичине камтыган идеология жана туура жол. Жараткан баарыбызды Өзүнүн туура жолуна баштап жана ошол жолдо кадамдарыбызды бекемдесин!
+16
Mirlan27011987
2018-04-12 15:19:48
Динчилдер кап каяктагы бир диний эрежелерге кирип алып, алардан ары же бери жылбай, камалып журо беришет. Исламдашып кетип, арабтардын буйругу менен жашап калбайлык. Чала молдолорду гана фанат тутуп ээрчиме болуп калабыз. Азыр ыйман экен деп, араб элдеринин идеясын ыйык тутуп жаткандай. Эн башкасы кыргыздар заманга жараша туура ой жугуртуп, туура чечимдерди кабыл алсак адашпайбыз.
+2
jbolotov
2018-04-12 15:52:26
Mirlan27011987, Бул арабташуу эмес, араптарда дин келгенге чейин жыланачтанып бийлешкен, Куранда аялдар оронуп журушу керек деген аяттар тушкон. Билип билбей динге асылбай илим ал, оку.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-12 16:26:27
jbolotov, урматтуу мусулман бир тууганым сиз эч кыжаалат болбонуз булар оздорунун динин толук тушунушпойт. Анан калп эле асыла беришет. Жооп деле кайтарып кереги жок. Кудай булардын кулактарын ачылгыс кылып журокторун жумшаргыс кылып жараткан.
+1
Alimankooooo
2018-04-12 15:35:55
Ма Ша Аллах кандай соонун
-3
jbolotov
2018-04-12 15:47:26
Кубанычтуу кабар! Негизи ислам дини десе эле террористь деген тушунук бул дуйнолук чон саясат, ислам динин жаман аттуу кылуу. Европанын озундо канча жыл тынымсыз террористик иш кылган ЕТА ж.б окшогондор толтура болгон, аларды айтбайт, мечиттерди жардыргандар мусулман эмес, динди жамынгандар! Россия Европа Америка ж.б дин душмандарынын пропагандасы ото кучтуу журуп атат, крокодил учат десе биз учат деп колдоп атабыз.
+1
Aznazalai
2018-04-12 18:04:27
Сонун кабар.Мечиттер кобойгону жакшы жоролго.Бишкекте да кобойсо экен
0
zhaku2017
2018-04-12 18:39:02
Aznazalai,
Бишкекте мечиттер кобойбосо койсун. Бишкекте билим борборлору кобойсун. Эптеп эле элдерди динчил кылып фанат кылгылары келишет.
-2
Refiri87
2018-04-12 21:11:16
Жогоруда кобу жахилиятагылардан да Томон екенсинер ХХХХХХХХХХХХХХХ умный болсонор айга уча бергиле фанат санат дебей
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан