Владимир Жириновский акындарды камакка алуу - алардын жакшы чыгарма жаратуусуна түрткү болорун тамаша иретинде билдирди. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты ЛДПР партиясынын лидери Жириновский кечээ, 11-апрелде Дмитрий Медведев парламенттин алдында отчёт берип жатканда айтты.
"Ишенип койгула, адамдын мээси абакта отурганда жакшы иштей баштайт. Эмне себептен Достоевский мыкты чыгармаларды жараткан? Анткени ал 10 жыл сүргүндө жүргөн. Солженицын эмнеге мыкты жазган? Анткени 10 жыл абакта отурган", - деди Жириновский.
Ошондой эле депутат азыркы тапта мыкты жазуучулар жок экенин билдирип, аларды 10 жыл абакка камаса, мыкты, тарыхта калчу чыгармалар жараларын жана чыгармачыл адамдарга шыктануу үчүн трагедия керек экендигин кошумчалаган.