"Бюджетке 982 миң сом зыян келтирген" деген шек менен "Бишкекшаарлифт" ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык прокуратура жана ИИМдин УКжКККБАнын ыкчам кызматкерлери тарабынан "кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышкан" деген шек менен "Бишкекшаарлифт" ишканасынын жетекчилерине жана бир канча кызматкерлерине кылмыш иши козголду. ИИМдин маалыматы боюнча, кармалгандар мыйзамсыз түрдө товар алуу үчүн аталган ишканадан эч кандай документи жок 447 миң сом бөлүп беришкен. Ошондой эле ишкананын жетекчилеринин бири 379 миң сомду мыйзамсыз товар алуу үчүн бөлдүртүп алган. Дагы бир кызматкер кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 106 миң сомду ишканада иштебеген белгисиз адамга айлык акы катары бөлдүртүп алганы да аныкталды. Жыйынтыгында бюджетке 982 миң сом зыян келтирилгенин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан