Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 57 айылга таза суу чыгаруу боюнча макулдашуу үчүнчү окууда каралды.
Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылууга 43 миллион 200 миӊ доллар берет. "Анын 11 миллион 900 миӊ доллары гранттык негизде, ал эми 14 миллион 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилип, ага Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 57 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалат. Өкмөт бул долбоорго 7 миллион 200 миӊ доллар каражат салат. Бул долбоор 7 жылга созулуп, көрсөтүлгөн убакта өлкөдөгү 53 айыл аймагы таза суу менен камсыз болот", - деп жазылат макулдашууда.
Эске салсак, өкмөттүн маалыматына ылайык, жаңы конуштарды кошпогондо 386 айылда таза суу жок.