ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү. Космосту багынткан эң биринчи спирттик ичимдик "Арашан" бальзамы экенин билчү белеңиз?

Юрий Гагариндин 1961-жылдын 12-апрелинде адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учушуна байланыштуу бул күн Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгиленип калган.

Юрий Гагарин "Восток" космос кораблинде биринчи жолу Жер шарын айланып учуу менен башкарып учуучу космос дооруна чыйыр салган. Гагарин башкарган "Восток" космос корабли "Байконур" космодромунан учуп, космонавт космос мейкиндигинде 108 мүнөт болгон. СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрелдеги жарлыгына ылайык, 12-апрель - Авиация жана космонавтика күнү катары кабыл алынган. Ал эми 1968-жылы эл аралык Авиация федерациясынын конференциясында эл аралык макамына ээ болгон. 2011-жылдын 7-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Орусиянын демилгеси менен "Адамдын космоско учуп чыккан эл аралык күнү" деген аталышка да ээ болгон.

Кыргыз өлкөсүнүн жараны Марс Рафиков СССРдин Космонавттарынын биринчи отрядына кабыл алынган. Анын аялы менен ажырашуу ниетинен улам "советтик космонавттын образына жана коммунисттик идеалдарга дал келбейт" деп отряддан бошотулган. Бирок космонавт катары иштей берген. Ал 1933-жылы 29-сентябрда Жалал-Абад облусунда туулган.

Кыргыз жеринен биринчилерден болуп космосту багынткан Салижан Шарипов болгон. Шарипов “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак” деген ысым алган.

Ал эми космосту багынткан эң биринчи спирттик ичимдик бул "Арашан" бальзамы болгон. 1974-1976-жылдары профессор, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Алтымышев иштеп чыккан "Арашан" бальзамы тарыхта космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары калган.

Космос мейкиндигин адамдар гана эмес, жаныбарлар да багынткан. 1957-жылы 3-ноябрда советтик "Спутник-2" корабли менен орбитага биринчи болуп Лайка аттуу ит учурулган. Анын кайтып келиши пландалган эмес. Ит Жерди бир-эки жолу айлангандан кийин аба ысып кеткенде өлүп калган. Иттин орбитада өлүшүн европалык жаныбарларды коргоочулар кескин сындап, анын ордуна Никита Хрущёвду орбитага жөнөтүшсө болмок деген ойлорун билдиргени коомдо кызуу талкуу жараткан.

12-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан