Эртең Жогорку Кеңештин 3 фракциясы өкмөттүн отчётун угат

Эртең, 13-апрелде Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" фракциялары өкмөттүн отчётун карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциялардын катчылыктарынан билдиришти.

Ал эми "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынын катчылыктары отчёт качан карала турганы белгисиз экенин айтышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулунун айтымында, мыйзам боюнча отчёт парламенттин жалпы жыйынында апрелдин аягына чейин каралышы керек. "Отчётту фракциялар, комитеттер карап бүткөндөн кийин Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилет", - деди Ибрагим Нуракун уулу.

Белгилей кетсек, өкмөттүн отчётун 11-апрелде КСДП фракциясы карап, "канааттандырарлык" деген баа берген.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча парламентте кол топтолуп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан