Модель: "Гиннесстин рекорддор китебине" кирмейинче көкүрөгүмдү чоңойто берем"

Германиялык Мартина Биг - табиятынан европеид расасында төрөлгөн айым. Ал дүйнө коомчулугуна медицинанын жардамы менен кара терилүү моделге айланган жоругу менен белгилүү. Кыялында Барби куурчагына окшошкусу келип, актриса Памела Андерсонду кумир туткан Мартина жакында эле Африкага барып келген. Бул тууралуу батыш маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Кениялык курбуларымдын бири ошол жактагы дин кызматкерине менин кара терилүү айымга айланганымды айтыптыр. Андагы чиркөө кызматкери мени конокко чакырды. Ал жакка барганда мен баптизм динин кабыл алдым", - деп айткан ал.

Мартина - Европада эң чоң 32-өлчөмдөгү жасалма көкүрөктүн ээси. Ал көкүрөгүн чоңойтуу үчүн жумушунан кеткен. "Көкүрөгүмдү аябай чоңойткум келди, жок дегенде 2 килограммга чейин. Ошондо жетекчилик "жумушту же көкүрөгүңдү танда" деген талап койду. Мен максатыма жетүүнү кааладым", - деген ал.

Модель "Гиннесстин рекорддор китебине" төшү эң чоң айым катары тизмеге кирмейинче көкүрөгүн чоңойто бере турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, моделдин жосунсуз жоруктары көкүрөк чоңойтуу менен эле бүтүп калган эмес. Алдыда жамбашын да операция жолу менен чоңойтуп, чыныгы африкалык кыздарга окшошкусу келерин белгилеген. Сүйүктүүсү Майкл анын мындай "эрдигин" колдоп, кеңешин берип, менеджери катары иштеп келет. Чоң көкүрөк моделге айрым учурда ыңгайсыздык да жаратат. Ал "учурда бут кийимимди өзүм тазалай албайм, анткени көкүрөгүмдүн чоңдугунан бутум көрүнбөйт" дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
zzari-83
2018-04-12 17:38:03
Мунун видеолорун көрүп эсим оогон эле,психикалык жактан оорулуу эле адам мындай кылбаса соо адам антпей калдыго.Кудайга тооба кылдым,айныган адам экени анык болуп турбайбы?!
+4
Nevestkaa
2018-04-12 18:02:35
Көкүрөгү өзүн көтөрүп чабайын деп калыптыр го,ииииии ушундайларга эч эле түшүнө албай койдум таза жанын азапка салып кескилеп.Байкуш карыганда жашооң кандай болот десең эми.
+1
Shokoladka94
2018-04-12 18:13:37
Кудай берген жакшынакай келбетиниздерде айрылып, албарстыга окшоп калыптыр го
+1
Shokoladka94
2018-04-12 18:14:36
Келбетинен деп жазсам телефон ондоп таштаптыр
+1
karakulja
2018-04-12 18:33:10
Тошун эмес мээсин, акылын чонойтуп гинеске кирбептир
0
Lilireinhart18
2018-04-12 19:12:08
ОЗУ кудай эмчекти биздин жеген тамагыбыз сутко айланып тиши жок балдарыбызды тойгузсун деп жараткан, а аны тушунбогон кээ бир аялы да эркеги да СЕКСтин СИМВОЛу катары кабыл алышат
+6
nurbekasr
2018-04-12 19:15:28
Акылың менен ХХХХХХ,эми эмчектен кийин көчүгүн чоңойтом дейби.
0
Rasul94
2018-04-12 20:16:51
дагы чонойто бер али бар экен.жерге тийгенде киресин рекордго.
+2
simone
2018-04-12 20:20:47
Олгон экен да
0
Aitun
2018-04-12 21:01:38
Кичинесинде обычная скучная кыз экен эледа анан внимание дагы жетишбесе керек ата энеси тарабынан ошого байкуш психикасы жабыркаптырда. Же биринчи жактырган адамы неге кокурогун кичине дегендир обычно травма пстхический алгандар ушинтишетго. Атын чыкбаса жер орто болуп атыптырда. Озу на самом деле анча адамды озуно бурбаган деле кыз эмес экенго.
0
Bayjigit83
2018-04-12 21:25:26
Жарып алып анан токтойсунго!
+2
AKCAHAT
2018-04-12 21:45:09
Жаш кезиндегиси деле укмуш эмес экен Эми такыр эле болбой калыптыр. Куйоосу тапкан акчасы учун журобу не балээ, мындай адам мн бирге укташ турсун жолдо корсон чочуйсун
+1
aminali
2018-04-13 02:33:13
Тушунбой калдым бетине коо суйкоп алганбы?
0
Birimdik5555
2018-04-13 08:47:14
Аппак бир жакшынакай кыз экен эле,жезкемпирге айланып калыптыр го
0
vikidiki
2018-04-13 16:56:52
Окуп келе жатып, негр болуп алыптыр деген жерден. Ааа симпатичная негр кыздар бар го? Ошондой элестеткем Анан эле суротун корсом журогум тушуп калды, шариктерин коргондо вообще. Аман эле болсун гиннеске киргиче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан