Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн отчётун кийинки жумада угат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.
Буга чейин, "Ата Мекенчилер" өкмөттүн отчётун 13-апрелде уга турганы айтылган. Бирок тиешелүү себептерден улам өкмөттүн отчётун угуунун убактысы кийинки жумага калтырылган.
"Эртең, 13-апрелде "Республика-Ата Журт" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары өкмөттүн отчётун угат. Ошондуктан "Ата Мекен" фракциясы маалыматты угууну кийинки жумага калтырды", - деп билдиришти катчылыктан.