УКМКнын төрагасы менен башкы прокурор кызматтан кеткенине өлкөдөгү кырдаал же жетекчилердин саясий эркинин жеткендиги себеп эмес. Мындай пикирин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 12-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалып, абакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун билдирүүлөрү себеп болду.
"УКМКнын төрагасы менен башкы прокурор кызматтан кетти" десе, "баракелде" деп кол чаап жатышпайбы. Жок, буга Кыргыз мамлекетиндеги кырдаал же жетекчилердин саясий эркинин жеткендиги себепчи эмес. Буга Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутатынын билдирүүлөрү себеп болду. Нурсултан Назарбаев "Кыргыз Республикасы аткезчилик менен алектенет, натыйжада көп экономикалык зыян тартып жатабыз" деп бир канча жолу айткан. Кыргыз жеринде аткезчилик менен алектенгендердин башында кимдер турары аныкталгандан кийин, ал өлкөнүн тийиштүү органдары маалыматты биздин өлкөгө жиберди. "Мына, булар ушундай иш менен алектенет" дегенден кийин билишимче, экөө-үчөө Кыргыз жерин таштап чыгып кетти. Тилекке каршы, коррупцияга каршы күрөшүүгө бел байладым деп чыккан азамат аларга "качканың качып кал" дегендей мамиле жасап жатат. "Кызмат ордунан кармалды" дегенди уктуңарбы? Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кылмыш иши козголуп жатат. Себеби жетекчилердин арасында "ошол оокаттан ооз тийген жокмун" дегендер жокко эсе. Балээнин баары ушул жерде. Шайлоо учурунда "35 коррупционерди билем" деп айтты эле го. 5 айдан бери аларды эмнеге кармабай жатат. Аларга да мүмкүнчүлүк берилип жатабы?" - деди Мадумаров.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.