Түркмөнстанда бир адамга экиден ашык нан сатылбай жатат

Түркмөнстанда мамлекеттик дүкөндөр бир адамга экиден гана нан сатууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай чектөө Мары шаарындагы мамлекеттик дүкөндөрдө киргизилген. "Чектөөгө карабай дүкөндөрдө нан калбай калууда жана кезек күткөндөрдүн саны көп. Жергиликтүү наабайканалар түнү менен иштеп жатат. Ошондой эле элге дүкөндөрдө ун дагы чектөөлөр менен сатылып, бир адамга 5 килограммдан ашык ун сатууга тыюу салынган", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Түркмөнстанда 2017-жылы унга болгон тартыштык күчөп кеткен. Мунун себептери, 2017-жылы түшүмдүн көлөмү төмөндөп кеткен, 1 миллион 600 миң тонна түшүм алуу күтүлгөнү менен 1 миллион тонна гана өндүрүлгөн жана сырттан ун сатып алууга каражат тартыш болгон. Мунун айынан өлкөдө унга болгон баа эки эсеге өскөн, орточо эсеп менен бир кап ун 50 манат (1 000 сом) турса, бул баа 100 манатка (2 000 сом) чейин көтөрүлгөн.

Түркмөнстанда нан тартыштыгы жаралып, бир адамга экиден гана нан сатылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
urmat94
2018-04-13 09:09:53
Себебин дагы жазып койсонор жакшы болот эле супер эмне себептен мындай кылып атышканын
+13
kuba.kq8705
2018-04-13 09:34:11
туркмондун президенти Кудай болуп алганго элине кууп жиберишбейби нары орусияга
+8
Medinaa
2018-04-13 09:39:07
Бизде жыргал экен анда.Кудайга шүгүр!
+20
Muslim_KGstana.
2018-04-13 09:46:02
Себебин жазбайсынарбы?
+3
admin_media
2018-04-13 10:17:51
Muslim_KGstana., urmat94,
Саламатсыздарбы! Маалымат толукталды.
+1
Dalil
2018-04-13 09:48:43
СССР дагы Ата-Мекендик согуштан кийин бардык күчүн куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө жумшаганда карапайым калк ушундай абалга кептелген. Түркмөнбашы өзүнүн калкы ачка турганда баасы асманды чапчыган унааларда жүргөнү туура эмес.
+10
Mr.Jack
2018-04-13 09:52:08
Туркмонстанда ал бекер, бул бекер президенти ондоп салды деп суктанабыз. Мына биз суктанган мамлекеттин абалы. Кудайга шугур деп жашаганды уйронолу туугандар.
+13
Zainidin96
2018-04-13 10:06:44
Бизде наоборот жакшы экен каалаганыны ичип жеп ыргытып да жиберишип жатпайбы малга берип тоокторго берип мындайча айтканда баары бекер екен биз жакта
+9
aIways-here
2018-04-13 10:45:51
Кече эле Туркмондорду мактап жатпадынарбеле кыз келиндерге кыска кийууго тыю салды азамат деп. Кыргызстандай эркин олкодо жашаганга шугур дебейсинер
+9
Soni130587
2018-04-13 10:57:10
Бизде жыргал жашоо туугандар каалаганын кылсан болот акчан болсо 1 тонна Ун алсан лагы эч кимдин иши жок
+2
Nuryk00
2018-04-13 11:03:09
Мары, шаарындагы группалаш достор кыйналгонго.
+1
mirkaa5182
2018-04-13 11:22:05
Түркмөнстанда кыйналганын себеби аэропорту бекен бир жерин укмуш кооздоп аткан миш ошого көп акча жумшап койуптур.
+2
madina.87
2018-04-13 13:19:56
Мына сага жанылык!Бизде 600-700 адамды чакырып алып,артистерди чакырып алып той откоробуз миллиондорду чачып.
Кудай эле деш керек экен,тооба кылдым.Дагы да эчкимибиз шугур кылбайбыз
+8
Aidani
2018-04-13 15:34:43
Ун арзан го 1000 сом
0
Hacker99
2018-04-13 16:27:34
Aidani, 1000сом бул мурунку баасы
+2
Nevestkaa
2018-04-13 18:50:22
1995-ж да бизде ушундай болгон го,комбайндар буудайды оргондон кийин артынан машак терип аны сокулап араңдан 3-4кг ун алып кетет элек,так что эски чокойуңарды унутпагыла туугандар.
+12
Pandora
2018-04-14 18:52:01
Nevestkaa,ии ал кундорду айтпагыла,кичине болсо да журогумдо калган.Биз эле кыйналганбызго десем элдин баары кыйналган экен ошол кезде.Чон энемдин уйуно нан сурап барсам,атамдын карындашы "бизде да нан жоок"-деп,бербей койгон.Билем аларда нан,ун кенири эле.1997-1998жж болсо керек эле.
0
Kroxa
2018-04-13 21:14:31
Союз тараганда бизде суу тегирмендин капкара унун деле тытышып очеред менен жеткени жетпегени болчу нан талон менен киши башына берилчу,,азыр жакшы шугур десек болот..нан арзан жасап жебей сатып жегендер канча..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан