Топ-Лига-2018: "Нефтчи" бишкектик "Илбирсти" 2:0 эсебинде жеңип алды

Футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 2-турунун алкагында "Нефтчи" командасы "Илбирс" командасын жеңип алды.

Кочкор-Ата шаарында орун алган беттеште жергиликтүү "Нефтчи" "Илбирсти" 2:0 эсебинде утуп алды. Беттештин 8-мүнөтүндө "Нефтчинин" оюнчусу Александр Игнятенко эсеп санын ачса, 26-мүнөттө Умидилло Иминов эсепти 2:0 кылып кетти.

Муну менен "Нефтчи" 2 турдун жыйынтыгында 6 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунду ээледи. Ал эми жаңы түзүлгөн "Илбирс" командасы 2-ирет жеңилүү ызасын тартып, тизменин аягында жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан