Сооронбай Жээнбековдун сапары аягына чыгып, Кыргыз өлкөсүнө кайтты (фото)

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы эки күндүк расмий сапары аяктагандан кийин 11-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына барган. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы иш сапар алкагында Европа кеңешинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Федерика Могерини, ханзаада Карим Ага-Хан, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Орусия жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен жолуккан.

Андан соң Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Дональд Туск Европа кеңешинин бардык мамлекеттеринин атынан демократиялык стандарттарды камсыз кылуу тармагында Кыргыз мамлекетинин ишин жогору баалайт деп айта ала турганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкердин жолугушуусу ачык жана өз ара ишенгендик нукта өттү. Мамлекет башчы демократия принциптерин бекемдөө, адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо боюнча Кыргыз мамлекетин колдогон Европа кеңешинин ачык позициясы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан