Премьер-министр Жогорку Кеңештин эки фракциясынын жыйынына эмнеге келбей калганы белгилүү болду

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 13-апрелде иш сапары менен Чүй облусунда жүрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары өкмөттүн отчётун карамак. Өкмөт башчы жыйынга келбегендиктен эки фракция тең отчётту уккан жок.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынына вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев келген. "Өкмөт башчы мурдагы бекитилген күн тартибинин негизинде социалдык объекттердин курулушу боюнча Чүй облусун кыдырып жүрөт", - деди Дайыр Кенекеев.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн түштөн кийин премьер-министр "Кыргызстан" фракциясынын жыйынына келиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан