Бакыт Төрөбаев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча: "Биз өкмөттүн отчётун карап, анын негизинде жыйынтык чыгарабыз"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 13-апрелде өкмөттүн отчётун кароо боюнча фракциянын жыйынында өкмөттүн ишин сынга алып, "Жаңы доорго кырк кадам" программасы боюнча келген жоопторго нааразы болду. Ошондой эле премьер-министр Сапар Исаковго карата суроолору арбын экенин кошумчалады.

"Премьер-министр Сапар Исаковго берилчү суроолорум көп. Аталган программаны окуп чыгып, 43 суроо жиберсек, 23 жооп келди. Мазмунуна караганда жоопторду Гарвардда окуган кеңешчилери жазган окшойт. Өкмөт башчы менен министрлердин жоопторуна дал келбей жатат. Биз фракциянын берген тапшырмалары боюнча аткарган иштерди карап чыгып, бул жерде да, жалпы жыйында да аргументтерге таянып баа беришибиз керек. Бир жылда бир берилчү отчёт болгондон кийин, бир күн келип койсо болот болчу да", - деди Бакыт Төрөбаев.

Депутаттар Сапар Исаков өзү келген учурга чейин отчётту кароодон баш тартышты.

12-апрелде депутат Каныбек Иманалиев "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциясы өкмөттү отставкага кетирүү боюнча макулдашууга келишкенин билдирген. Бакыт Төрөбаев бул маселе боюнча SUPER.KG'ге жооп кайтарды.

"Бул Каныбек Капашовичтин жеке өзүнүн ою болуп жатат. Биз өкмөттүн отчётун карап, анын негизинде жыйынтык чыгарабыз", - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан